Биз менен байланышыңыз

Эртең Курман Айт. Борбордук аянтта Айт намазы окулат

Кыска кабар | 10 Авг 2019 | 554 | 0

Эртең, 11-августта Ислам дининдеги негизги майрам Курман айттын урматына Кыргызстандын бардык аймактарында Айт намазы окулат. Бишкек шаарында болсо Айт намазы эски аянтында окулат. Кыргызстандагы мусулмандардын дин башкармалыгы борбордук аянтта окулуучу Айт намазынын программасын жарыялады. Ага ылайык,

— саат 06:15 — 07:15 — аалымдардын шарият боюнча насааттары айтылат;

— 07:15 — 07:35 — муфтий Максатбек Токтомушев Кыргызстандын мусулмандарын куттуктап, Курман Айт майрамынын расмий бөлүгүн ачат.

— 07:35 — 07:45 — Президент Сооронбай Жээнбековдун куттуктоосу окулат.

Курман Айт намазына Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жана Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов катышып, мусулмандарды куттуктайт.

Copyright © 2017 Maral FM