Биз менен байланышыңыз

Бүгүн эски аянт менен чектешкен айрым көчөлөр убактылуу жабылат

Кыска кабар | 26 Авг 2021 | 390 | 0

Турдакун Усубалиев атындагы аянт менен чектешкен айрым көчөлөр бүгүн, 26-августта 17:00дөн 22:00гө чейин убактылуу жабылат. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Тактап айтканда, Абдумомунов көчөсүнүн Орозбеков көчөсү менен Эркиндик бульварына чейинки аралыгында кыймыл токтотулат.

Ошондой эле эртең Турдакун Усубалиев атындагы аянт (эски аянт) кечке чейин жабык болот.

Эски аянт милициянын кайгуул кызматынын эгемендик күнүнө даярдык көрүп жатканына байланыштуу жабылып жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM