Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги эски аянтка Турдакун Усубалиевдин ысымы берилет

Коом | 17 Июл 2019 | 1426 | 0

Бишкек шаардык Кеңеши баш калаадагы эски аянтка мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин ысмын ыйгаруу демилгесин көтөрүп, аны коомдун талкуусуна койду. Маселе шаардык Кеңештин өткөн аптадагы жыйынында каралып, токтом кабыл алынган. Бул тууралуу шаардык Кеңештин расмий сайтына жарыяланды.

Советтер Союзунун учурунда Кыргыз ССР Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы кызматын 25 жылга жакын аркалаган Турдакун Усубалиев тууралуу түрдүү пикирлер айтылып келет. Быйыл улуу инсандын 100 жылдык мааракеси мамлекеттик деңгээлде белгиленет. Өткөн аптада Бишкек шаардык Кеңешинин депутаттары борбордогу эски аянтка Усубалиевдин ысымын ыйгаруу демилгесин көтөрүп чыгышты. Бул маселе боюнча шаар тургундарынын пикирин сураганыбызда, төмөнкүчө жооп беришти:

— Негизи, ар бир жердин наамы болуш керек. Ал кишинин эмгеги сиңген, туура көз караштамын.

— Шаардын курулушуна эмгеги чоң. Андан башка татыктуусу деле жок. Ысымын эски аянтка берсе колдойм.

— Эмне үчүн болбосун, өлкөнү 25 жылдай башкарган кишинин эмгеги чоң да.

— Шаарды ошол киши салды, мындайча айтканда. Андай кишиге бербегенде, азыркыларга береби?

Бишкек шаардык Кеңешинин жыйынында «Республика-Ата Журт» фракциясы Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесинин урматына ысымын эски аянка берүү демилгесин көтөрдү. Мындай маалыматты шаардык Кеңештин депутаты Канатбек Мүзүралиев билдирди. Шаардык Кеңештин депутаттары бул сунушту дээрлик бардыгы колдоп, мэрияга протоколдук тапшырма берилген. Анын пикиринде, бул маселе орундуу каралган, ошондой эле эч кандай тоскоолдуксуз ишке ашат деген үмүттө.

— Биринчиден, ал кишинин шаардын борбордук аянтындагы имараттарды курууда салымы чоң. Балким, башка киши болсо, мындай мрамор менен курулган жайларга жетет белек, жок беле, ким билет? Андан кийин канча киши бийлик башына келди, майда-чүйдөсүн эске албаганда, мамлекеттик деңгээлде көрүнөрлүк имарат курулган жок.

Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесин өткөрүү боюнча комиссиянын мүчөсү, саясатчы Шамшыбек Медетбеков эски аянтка Турдакун Усубалиевдин ысымын берүү татыктуу иш деп эсептейт. Ага себеп Усубалиев республиканы жетектеп турган 25 жылдын ичинде баш калаада көптөгөн имараттар курулуп, экономикалык өсүштөр болгон. Ал эми 100 жылдык мааракенин алкагында өтүүчү иштер кечеңдеп жатканын айтып, буларды кошумчалады:

— Бул демилгени Бишкек шаардык Кеңеши көтөрүп жатат. Турдакун Усубалиевичтин 100 жылдык мааракесин өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлгөн. Комитеттин жалпы жыйынында карап, биз да бул сунушту колдодук. Себеби, башка тармакты эске албаганда да, борбордун курулуштары боюнча эмгеги чоң. 

Турдакун Усубалиевдин эмгеги мамлекет тарабынан татыктуу бааланбай жатат. Өлкөнү чейрек кылым башкарып, казынага кол салбай, ак иштеген бирден-бир жетекчи. Мындай пикирин мамлекеттик жана коомдук ишмер Осмонакун Ибраимов билдирди. Анын пикиринде, жаш муундарга улуу инсандын атын жеткирүүдө эски аянтка ысымын ыйгаруу жетишсиз.

— Керек болсо борбордогу бир чоң көчөнүн, а түгүл бир райондун атын берсек жакшы болмок. Менин оюмча, аянтка эмес, көчөгө берсе дурусураак болот. Анткени, аянтка берилгенде, аны эч ким деле баамдабай калат. Көчөгө берилсе, элдин эсинде дайыма турат. Эми, шаардык Кеңеш кандай чечет, өздөрү билет. 

Белгилей кетсек, Турдакун  Усубалиев өлкөнү жетектеп турган убакта Бишкектеги  Илимдер Академиясы, Улуттук китепкана, Улуттук филармония сыяктуу бир нече маданий жайлар, «Айчүрөк» соода борбору, «Ала-Тоо» аянты курулуп жана башка көптөгөн стратегиялык курулуштар ишке берилген.

Copyright © 2017 Maral FM