Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда Курман Айт майрамы белгиленип жатат

Кыска кабар | 11 Авг 2019 | 606 | 0

Бүгүн Кыргызстанда Курман Айт майрамы белгиленип жатат. Ислам дининдеги негизги майрам Курман айттын урматына Кыргызстандын бардык аймактарында Айт намазы окулду. Бишкектеги Айт намаз эски аянтта окулуп, ага он миңдеген шаар тургундары, коноктору катышты.

Таң эрте аянтка чогулган мусулмандарга аалымдар шарият боюнча насааттарды айтышты. Муфтий Максатбек Токтомушев Кыргызстандын мусулмандарын куттуктады. Президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев президент Сооронбай Жээнбековдун куттуктоосун окуду.

Курман Айт намазына Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жана Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов катышып, мусулмандарды куттукташты.

Copyright © 2017 Maral FM