Биз менен байланышыңыз

Шотландия таштандылардан жол салууда

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Июн 2019 | 712 | 0

Шотландияда желим таштандылардан жол салынууда. Мындай ыкманы Инженер Тоби Маккартни (Toby McCartney) ойлоп тапкан.

Анын айтымына караганда, мындай ыкма аркылуу эки ишти бир аткарса болот: жолдун сапатын оңдоо жана желим калдыктардын көйгөйүн чечүү. Ошондой эле, бул ыкма пластикалык калдыктарды эле жок кылбастан, жол куруу процессин да экологиялык жактан зыянсыздаштырарын белгилейт.

Желим каражаттарды жол салууга пайдалануу ыкмасын Маккартни Шотландияда жайгашкан «MacRebur» жол куруучу ишканасы менен ишке ашырууда.

Жол курууга керектүү материалды даярдоодо иштелип чыккан желим буюмдарды асфальт аралашмасына кошуп жасашат. Ишкананын адистери бул жол кадимки асфальт жолго салыштырмалуу 60 пайызга бекем болуп, 10 жылдан ашык кызмат кыларын айтышууда. Тажрыйба иретиндеги жол Маккартнинин үйүн көздөй салынып, текшерүүдөн өткөн.

Кошумчалай кетсек, дүйнөдө жылына 300 миллион тоннадан ашык желим буюмдар иштелип чыгат. Желим каражаттардын жок болушу үчүн 20 жыл керектелсе, желим бөтөлкөлөр 450 жылда, ал эми балык уулоочу торлор 600дөн ашуун жылда араң чирип жок болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM