Биз менен байланышыңыз

2019-жылы 120 км жолго асфальт төшөлөт

Кыска кабар | 3 Мар 2019 | 746 | 0

2018-жылдын жыйынтыгы боюнча Транспорт жана жолдор министирлигинин пландалган иштери толугу менен ишке ашып, анын ичинде капидалдык кайра түзөтүлүшү керек болгон 226км унаа жолдорунун  251 киломертри  бүткөрүлгөн. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министири Жанат Бейшенов Танспорт, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында билдирди.

Ошондой эле Балыкчы-Тамчы -Чолпон-Ата-Корумду жолдорунун жалпы узундугу 56 чакырымы аяктап, 14 көпүрөнүн курулушу аяктаганын билдирди.

«2018-жылы жолдорду ремонттоо жана техникалык тейлөө үчүн мамлекеттик бюджеттен 1 млрд 984,8 млн сом бөлүнгөн. Ошондой эле өткөн жылы 14 инветициялык долбоорлор боюнча иштер жүгүзүлдү», — деп билдирди Жанат Бейшенов.

Мындан сырткары 2019-жылда аткарыла турган пландар жөнүндө айтып, 120 км жолго асфальт төшөлөөрүн, мындан сырткары шагылдоо жана башка иш-чаралар пландалганын айтты.

 

Copyright © 2017 Maral FM