Биз менен байланышыңыз

Бишкек-Кара-Балта жолун реконструкциялоо өз убагында бүткөрүлөт

Кыска кабар | 31 Июл 2019 | 595 | 0

Бишкек-Кара-Балта унаа жолун реконструкциялоо иштери жүрүп жатат. Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов билдиргендей, долбоордо 4 жана 6 кыймыл тилкеси, көпүрөнү оңдоп кеңейтүү, чакан жасалма курулуштар, сууну агызуу курулмалары, базарлардын жанында унаа токтотуучу жайлар, автопавильондор, тротуарлар каралган. Келишимдин суммасы 70, 24 млн долларды түзөт.

Анын маалыматы боюнча, буга чейин курулуш иштери графиктен кечеңдеп келген, бирок бүгүнкү күнү бардык маселелер чечилген.

Ошондой эле ал транспорт жана жолдор министрлиги унаа жолду реконструкциялоо долбоорун өз убагында аяктоо максатын көздөй турганын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM