Биз менен байланышыңыз

Кытайлыктар кайтып келишти. Түндүк-түштүк жолунун курулушу жанданды

Кыска кабар | 13 Июн 2020 | 1996 | 0

12-июндан баштап түндүк-түштүк альтернативалык жолунун курулушу улана баштады. Бул үчүн Кытайдан 139 курулушчу келди. Алардын баары атайын медициналык текшерүүдөн өтүп келип, “Манас” аэропортунан да көзөмөлдөн өтүштү. Эпидемиологиялык кырдаалдын шартына байланыштуу атайын обсервацияга алынды.

Обсервациядан кийин кытайлыктар асфальт төшөө, тоннель жана эстакадалык көпүрө курууну улантышат.

2020-жылы 2 фаза боюнча 22 чакырым асфальт төшөп, 500 метрдик тоннелди казуу иши жүрөт.

Белгилей кетсек, түндүк-түштүк альтернативалык жолу 2014-жылы башталган. Учурда негизги куруучу кытайлык “Чайна Роуд” компаниясы болуп эсептелет. Жолдун жалпы узундугу 433 чакырымды түзөт жана курулуш иши 2023-жылы аяктайт.

Copyright © 2017 Maral FM