Биз менен байланышыңыз

Жамшитбек Калилов жаңы кызматка дайындалды

Кыска кабар | 27 Авг 2019 | 1202 | 0

Жамшитбек Калилов «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын долбоорлоо жана курулуш Дирекциясынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын Башкы директору Канатбек Абдыкеримов 21-агустта кол койгон.

Аталган кызматта буга чейин жетекчилик кылган Улан Кулов, Жамшитбек Калиловдун орун басары болуп дайындалды.

Жамшитбек Калилов 2016-2018-жылдар аралыгында Транспорт жана жолдор министри болуп эмгектенген.

Copyright © 2017 Maral FM