Биз менен байланышыңыз

«Кыргыз темир жолу» ишканасы эл аралык поезд каттамдарын убактылуу токтотту

Кыска кабар | 17 Мар 2020 | 493 | 0

Бүгүн, 17-марттан тарта Казакстанда өзгөчө кырдаал жарыялангандан улам «Кыргыз темир жолу» ишканасы жүргүнчү ташыган эл аралык поезд каттамдарын убактылуу токтотту. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат кызматы билдирди.

Алар:

  • Бишкек – Москва, № 17/18 поезди;
  • Бишкек – Казань, № 305/306 поезди;
  • Бишкек – Новосибирск, № 385/386 поезди.

Маалыматка ылайык, билеттерди сатып алган жүргүнчүлөр аны эч тоскоолдуксуз өткөрө алат. Бишкек – Мерке каттамы Кайыңдыга чейин кыскартылды.

Ал эми өлкө ичиндеги Бишкек – Торугарт, Бишкек – Кара-Балта каттамдары өзгөрүүсүз ишин уланта берет.

Copyright © 2017 Maral FM