Биз менен байланышыңыз

Стамбул-Ош аба каттамдарын кайра жандантуу маселеси талкууланды

Кыска кабар | 10 Фев 2020 | 611 | 0

Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов Түркиянын Транспорт жана инфраструктура министри Мехмет Жахит Турхан менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин маалымат департаменти билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тарап транспорт жана коммуникация тармагындагы учурдагы мамилелерин жана кызматташуусун өнүктүрүү, тагыраак айтканда Кыргызстандан Түркияга туташтырылган ташууларды жөндөө, автомобилдик жана аба каттамдарды, санариптештирүүнү, почтаны, электрондук сооданы жана башка тармактарды өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Кыргыз тарап дагы бир жолу Стамбул-Ош аба каттамдарын кайра улантуу маселесин көтөрдү.

Түрк тарабы эки өлкөнүн ортосундагы жүргүнчүлүк каттамдарынын, анын алкагында Бишкек-Стамбул аба каттамынын жыштыгын көбөйтүүнү, ошондой эле санариптештирүү, спутник боюнча телеберүү, электрондук соода жана почта тармактарында кызматташууну жөндөөнү сунуштады.

Кыргыз тарабы аталган тармактарда кызматташууну жөндөө боюнча жардам берүүгө даярдыгын билдирди.

Тараптар 1994-жылдын 14-октябрында Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Өкмөтү менен Түркиянын Өкмөтү ортосундагы аба каттамдарын орнотуу боюнча келишимине өзгөртүү киргизүү боюнча 2018-жылдын 3-сентябрында кол коюлган Протоколду ратификациялоону тездетүү, ошондой эле соода-экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын 9-отурумунун алкагында кабыл алынган макулдашууларды ишке ашыруу боюнча макулдашышты.

Copyright © 2017 Maral FM