Биз менен байланышыңыз

Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад альтернативдик жолу 2022-жылы аяктайт

Кыска кабар | 11 Окт 2019 | 1256 | 0

150 чакырым узундуктагы Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад альтернативдик жолунун иши биринчи фаза боюнча 75 %, экинчи фаза боюнча 99 км аралык – 79 %га аяктаган. Долбоордун экинчи фазасы 140 чакырым, ал 2022-жылы аяктайт. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министри Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин жетекчилиги алдында өткөн кеңешмеде билдирди.

Жергиликтүү маанидеги ички райондук жолдордун 134-чакырымында курулуш жана калыбына келтирүү иштери аяктаган. Буга республикалык бюджеттен 600 млн сом бөлүнгөн. Белгиленгендей, быйыл бюджеттик каражаттарга 315 км жол салынып жана оңдолгон. Өткөн жылга караганда бул 114 чакырымга көп.

Кеңешмеде ошондой эле Ош – Баткен – Исфана жолунун Көк-Талаа – Караван бөлүгүн, Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун Долон — Кызыл-Бел бөлүгүн жана Тараз – Талас – Суусамыр жолун реабилитациялоонун IV фазасын ишке ашыруу маселеси каралды.

Мындан тышкары, кеңешменин катышуучулары Ысык-Көл транспорттук шакекчесин, Талас – Тараз — Суусамыр унаа жолун, Бишкектин түндүк четиндеги айлампа жолду куруу жана реабилитациялоо долбоорлорун биргелешип ишке ашыруу боюнча эл аралык каржы институттары менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү талкууланды.

Жыйындын соңунда Өкмөт башчы жол инфратүзүмүн өнүктүрүү боюнча долбоорлорду сапаттуу жана өз учурунда жүзөгө ашырууга байланыштуу бир катар тапшырмаларды берди.

Copyright © 2017 Maral FM