Биз менен байланышыңыз

УКМК: Василий Дашков кайра камалды

Кыска кабар | 9 Июн 2021 | 793 | 0

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын мурдагы башкы директору Василий Дашков 8-июнда камалды. Бул тууралуу бүгүн УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Мурда маалымдалгандай, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан мыйзамсыз каражаттарды алуу боюнча коррупциялык схеманы аныктаган.

Такталгандай, «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын мурдагы башкы директору Василий Дашков 2020-жылдын майынан декабрына чейин «баалуу товардык-материалдарды ташып келүүнүн төлөмү» деген негиз менен жеке компанияга мыйзамсыз түрдө 1,1 миллиард сом которгон.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 18-майдагы токтомуна ылайык, Василий Дашков келтирилген зыяндын ордун толтуруу шарты менен үй камагына чыгарылган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин анын ордун толуктоо боюнча аракеттер көрүлгөн эмес.

Мындан тышкары, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында «Кыргыз темир жолу» ишканасынан бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз чыгарып кетүү боюнча кошумча фактылар аныкталган. Тактап айтканда, ушул жылдын январынан апрелине чейин аталган ишканадан 490 млн сом мыйзамсыз алынган. Ошентип, бюджеттке келтирилген зыяндын жалпы суммасы болжол менен 1,5 млрд сомду түзгөн.

Буга байланыштуу 8-июнда Дашков Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык кармалып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Кошумчалай кетсек, иликтөөчү журналисттер Али Токтакунов менен Болот Темиров темир жол тармагындагы тендерлерди Дашковдун өзүнүн компаниялары утуп келгенин жарыялаган.

Copyright © 2017 Maral FM