Биз менен байланышыңыз

Асаналиев: Бишкек – Кара-Балта жолундагы оңдоо иштери 90% аяктап калды

Кыска кабар | 23 Ноя 2019 | 631 | 0

Бишкек – Кара-Балта жолундагы оңдоо иштери 90% аяктап калды. Бул тууралуу Азия өнүктүрүү банкынын долбоорлорду ишке ашыруу тобунун директорунун милдетин аткаруучу Санжар Асаналиев билдирди.

Анын айтымында, Бишкек – Кара-Балта жолундагы тилкеде 6 көпүрөнүн курулушу жүрүп жатат, анын ичинен бешөөнүн курулушу 90-95 пайызга бүтүп калды. Жер алдынан өтүүчү беш өтмөк жасалды, дагы бирөө кийинки жылы жасалат.

Бишкек – Кара-Балта жолун 2020-жылдын май айында ачуу пландалган, бирок айрым себептерге байланыштуу ишти өз убагында бүткөрүүгө жетишпей жатышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM