Биз менен байланышыңыз

Өкмөт желим буюмдарга тыюу салууну сунуштады

Кыска кабар | 29 Дек 2018 | 778 | 0

Кыргыз өкмөтү өлкө аймагында желим баштыктар менен буюдарды колдонууга тыюу салуу маселесин кароону сунуштоодо.

Өкмөттүн экологиялык коопсуздукту сактоо боюнча сунуштаган долбоорунун корутундусунда: «Республика боюнча экологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча курч талаптардын пайда болгонуна байланыштуу өлкө аймагына желим буюмдарды алып кирүү, өндүрүү, сатуу жана колдонууга тыюу салууну сунуштайбыз»,-деп белгиленет.

Бул долбоордун демилгечиси болгон ЖК депутаты Экмат Байбакпаев мындай тартипти өзгөчө Ысык-Көлдүн аймагына киргизүүнү сунуштайт.

Эске салсак, желим баштыктар жана буюмдар глобалдык экологиялык апааттын негизги себептеринен болуп саналат. Миллион тонналаган желим буюмдар дүйнөлүк океандын, өзгөчө тынч океандын миңдеген километр үстүнкү катмарын каптап, суу жандыктарынын жок болуусуна жана дүйнөлүк суунун булгануусуна алып келүүдө. Бул көйгөйдү жоюу максатында бир катар мамлекеттер аймагында желим буюмдарды колдонууга тыюу салган мыйзамдарды киргизишкен.

Copyright © 2017 Maral FM