Биз менен байланышыңыз

Карасартова: Митинг болбойт, президентке гана кайрылабыз

Кыска кабар | 3 Июн 2019 | 569 | 0

Коомдук активисттер президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасоо үчүн кол чогултууда. Алар Ак үйдүн алдына чогулуп, бир нече адамдын колу коюлган катты президентке жолдошот. Бул тууралуу укук коргоочу Рита Карасартова «Марал» радиосуна билдирди.

— Бул митинг эмес, жөн гана кайрылуу. Митингге мыйзам менен тыюу салынган. Ошол себептен биз бул жерге чогулуп, президентке кайрылууга кол топтойбуз. Ал катты мамлекет башчыга жөнөтөбүз.

Кошумчалай кетсек, Матраимовдордун мүлкү тууралуу «Азаттыктын» иликтөөсү чыккандан кийин жарандык активисттер 3-июнь күнү Ак үйдүн алдына чогулууну пландашкан болчу.

Открытое письмо Президенту Кыргызской Республики С.Ш. ЖээнбековуУважаемый Сооронбай Шарипович!Мы, граждане…

Опубликовано Рита Карасартова Воскресенье, 2 июня 2019 г.

Copyright © 2017 Maral FM