Биз менен байланышыңыз

Парламенттик угуу: «Референдум жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү каралат

Кыска кабар | 2 Июн 2019 | 425 | 0

Эртең Жогорку Кеӊеште шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү максатында иштелип чыккан мыйзам долбоорлорунун топтомун талкуулоого арналган парламенттик угуу өтөт. Бул тууралуу Парламенттин расмий сайтында айтылат.

Мыйзам долбоорлорунун топтому Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин депутаттар тобу тарабынан иштелип чыккан.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, коомдук уюмдар менен саясий партиялардын өкүлдөрү катышат.

Күн тартибинде төмөнкү мыйзам долбоорлору каралат:

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Референдуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзам долбоорлоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»;

«Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»;

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»;

«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө», «Борбордун статусу жөнүндө», «Ош шаарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө».

— «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзам долбоору.

Copyright © 2017 Maral FM