Биз менен байланышыңыз

Сапар Исаков Кыргызстандан чыгарылган миллиондор тууралуу абактан үн катты

Кыска кабар | 1 Июн 2019 | 1554 | 0

Ушу тапта УКМКнын тергөө абагында камакта жаткан мурдагы премьер-министр Сапар Исаков жактоочусу аркылуу кат жолдоп, Кыргызстандан чыгарылган каражаттар боюнча коомчулукка маалымат таратты. Бул тууралуу бир катар маалымат булактары жазып чыгышты.

Коомчулукка жолдонгон катта Исаков президент Сооронбай Жээнбековдун суранычы менен «АККА» ишканалар тобунун жетекчиси Хабибулла аттуу адамды 2017-жылдын ноябрь же декабрь айында кабыл алганын айтат.

«Сооронбай Жээнбеков мени Хабибулла менен жолугушуумду өтүндү. Анын компаниясында ири көлөмдөгү капиталы бар экенин, аларда Кыргызстандын экономикасына ири суммадагы инвестиция салуу ниети бар экенин белгиледи. Мен аны кабинетимде кабыл алдым. Хабибулла өкмөт үйүнө өткөрмө бекет аркылуу эмес, президент Сооронбай Жээнбековдун жансакчыларынын коштоосунда келген. Муну менин жардамчым Бегимай Акимбаева жана күзөт кызматынын мурдагы жетекчиси ырастап берет», – деп жазган Исаков.

Жолугушууда аны менен Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сөз болуп, чет элдик ишкер «Мегаком» «Кыргызстан» авиакомпаниясы жана Нарын эркин экономикалык аймагында индустриалдык-логистикалык борбор куруу жөнүндө сөз болгонун Сапар Искаов билдирет.

Экс-премьер кийин аталган ишкана «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашырууга кытайлык «Huawei» компаниясы менен бирге катышуу боюнча кол коюлуп, кийин милдеттенмелерди өз убагында аткарбаганы үчүн жокко чыгарылганын да кошумчалаган.

Сапар Исаков бул компаниянын Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланышы тууралуу премьер-министрлик кызматтан түшкөндөн кийин билип калганын да айтып кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM