Биз менен байланышыңыз

ЖАМКнын мас кызматкери кызматынан бошотулду

Кыска кабар | 31 мая 2019 | 410 | 0

Өзүн Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкери катары тааныштырган мас абалындагы жаран тартылган видеоролик боюнча териштирүү иштери аяктап, кызматкердин күнөөсү толук далилденди. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Кызматтык иликтөө учурунда видеороликтеги мас адам ички кызматтын № 27 атайын контингент боюнча жетекчилигинин орун басары Азиз Кожокматов экени аныкталган.

Жазык-аткаруу системасынын аскерлеринин жана кызматкерлеринин намысын булгагандыгы үчүн Азиз Кожокматов ээлеген кызматынан бошотулду.

Copyright © 2017 Maral FM