Биз менен байланышыңыз

Бишкек ЖЭБге байланыштуу сот ишинде айрым айыпталуучулар бошотулду

Кыска кабар | 31 мая 2019 | 395 | 0

Бишкек ЖЭБиндеги кырсык боюнча каралып жаткан иш бүгүн Бишкек шаардык сотунда уланып, айрым айыпталуучулар камакка алынуудан бошотулду.

«Электр станциялары» ишканасынын жетекчисинин мурунку орун басары Кенжебек Боркоевге 300 миң сом айып пул салынып, үч жылдык сыноо мөөнөтү менен 7,5 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылды. Ошондой эле, сот «Улуттук энергохолдинг» ишканасынын төрагасынын мурунку орун басары Нурлан Садыков менен Бишкек ЖЭБинин мурдагы техникалык инженери Нургазы Курманбековго 220 миң сомдон, Бишкек ЖЭБинин жетекчисинин мурдагы орун басары Нурлан Өмүркул уулуна 300 миң айып пул салынды.

Булардын баары сот залынан бошотулушту. Алар өздөрүнө тагылган айыпты мойнуна алып, тергөө менен кызматташууга макулдук беришкен.

Ал эми «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Узак Кадырбаев, Улуттук энергохолдинг ишканасынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун аткаруучу директору Темирлан Биримкулов өздөрүнө тагылган айыпты мойнуна алышкан эмес. Алар түрдүү мөөнөттө абакка кесилишкен.

Экс-өкмөт башчылар Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, экс-депутат Осмонбек Артыкбаев, экс-мэр Салайдин Авазов ЖЭБди оңдоодогу коррупцияга байланыштуу айыпталып камакка алынган. Мурдагы Финансы министри Ольга Лаврова үй камагында.

Copyright © 2017 Maral FM