Биз менен байланышыңыз

«Абылгазиевдин Матраимов жөнүндө айтууга моралдык укугу жок»

Кыска кабар , Пикирлер | 31 мая 2019 | 566 | 0

Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Бактыбек Калмаматов «Марал» радиосуна берген маегинде саясат Райымбек Матраимовго «коррупциянын индикатору» деген символика берип жатканын билдирди.

«Биз канчалык коррупция менен күрөшпөйлү, Матраимов камалбаса, ал күрөшкө жатпайт дегендей… Экс-президент Алмазбек Атамбаев бет тырмаарлык кылып жатканынын себеби: «Менин учурумда ушунча каражат уурдалган. Мен кеткен соң, ал иш улануудабы, кимге калды?» деген суроо коюлууда», — дейт Калмаматов.

Ал коомчулук Матраимовдордун тоюнда кимдер отурганын көргөнүн айтып, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев бажасынын баткагынан чыга албай жатканда, Матраимов жөнүндө айтууга моралдык укугу жок экенин белгиледи.

«Бир гана логика бар. «Кой» деп койгонго ЖК да, Өкмөт да жарабаса, бири тарап, экинчиси отставкага кетиши керек. Анткени, моралдык жоопкерчиликти да эске алуу зарыл», — дейт экс-депутат.

Copyright © 2017 Maral FM