Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы кызматташтык бекемделет

Кыска кабар | 31 мая 2019 | 426 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ Индия Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы кабарлады.

Мамлекет башчысы Индияга Нарендра Модинин чакыруусу менен анын инаугурациясына катышуу үчүн келген.

Сооронбай Жээнбеков Нарендра Модини «Бхаратия Джаната» партиясынын парламенттик шайлоодогу ишенимдүү жеңиши жана Нарендра Модинин Индиянын Премьер-министри болуп кайра шайланышы менен куттуктады.

«Шайлоолордун жыйынтыгы Сиз жүргүзгөн олуттуу реформаларга жана аткарып жаткан маанилүү иш-чараларга Индия элинин көрсөткөн чоң ишенимин далилдейт. Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы достук жана өз ара ишенимдүү кызматташтык үзгүлтүксүз бекемделет деген ишенимдемин», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков жолугушууда.

Ал Нарендра Модини Кыргызстанда жакында боло турчу расмий визити менен күтүп жатышканын эске салып, визит жогорку деңгээлде, жемиштүү жана ийгиликтүү өтөрүнө ишенимин билдирди.

Өз кезегинде Нарендра Моди Кыргызстан жана Индия ар тараптуу кызматташуунун көп жылдык мамилелерине ээ дос өлкөлөр экендигин, Индия тарап Кыргызстан менен ар тараптуу мамилелердин мындан аркы өнүгүүсүнө кызыкдар экенин белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков жана Премьер-министр Нарендра Моди эки тараптуу жана эл аралык уюмдардын алкагында кызматташтыктын кеңири спектри боюнча маселелерди талкуулашканы айтылат.

Copyright © 2017 Maral FM