Биз менен байланышыңыз

Калмаматов: Матраимовдор деген жаңы клан кошулду

Кыска кабар , Пикирлер | 31 мая 2019 | 742 | 0

Жогорку Кенештин V чакырылышынын депутаты Бактыбек Калмаматов «Марал» радиосуна берген маегинде мурда саясатта жүргөн кландарга Матраимовдор деген жаңы клан кошулганын билдирди.

«Жаңы клан 2020-жылы бир партия менен шайлоого барат, аны да моюнга алышыбыз керек. Жогорку Кеңештин 80 %ы кийинки чакырылышка депутат болуп келүүнү көздөйт. Мындан улам «саясий демөөрчүгө» каяша айта албайт. Матраимовдордун тоюна барып, парламенттин 50 %ынын «оозу май» болуп калды. Мындан улам, депутаттык комиссия түзсө да болбойт. Өкмөт өзү 2 министрдин эбин таба албай жатканда, булар менен ким күрөшөт? Курөшүүгө адам жок. Ички күрөш схемалардын аткаруучуларынын каражаты менен жан баккан адамдар. Алардын 95 %ы азыр да кызматта иштеп жатат жана иштей беришет», — дейт Калмаматов.

Ал Кыргызстанда бизнесмендер мамлекеттик кызматта иштегендерге майрам сайын тыйын таратып турат, мындан улам, өкмөттүн Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго каршы аракетинен күмөнү бар экенин белгиледи.

«Матраимов маселесин улам кайра көтөрүп, чагымчылык уюштурган адам максатына жетип жатат. Кыргызстанда бажыдан жылына 40 миллиард сомдун тегерегиндеги акча бюджетке түшпөй, көрүнгөндүн чөнтөгүнө кетет. Биз бул жерден Матраимовду гана көрүп жатабыз. «Бажыгейттин» арты менен башка схемаларды билип алсак жакшы болмок. Бир күнү алар да жарылат. Ошондо дагы чоң концерт көрөбүз», -дейт экс-депутат.

Copyright © 2017 Maral FM