Биз менен байланышыңыз

Эшмамбет Аматов «Кыргызтелекомдун» жетекчиси болду

Кыска кабар | 30 мая 2019 | 579 | 0

Бүгүн, 30-майда «Кыргызтелеком» ачык акционердик коомунун жетекчиси болуп Эшмамбет Аматов дайындалды. Бул  тууралуу аталган акционердик коомдун басма сөз кызматы билдирди.

Ал буга чейин Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрага орун басары болуп иштеп келген.

Кошумчалай кетсек, Дастан Догоев Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагалыгына көрсөтүлүп, президенттин жарлыгы менен төрага болуп дайындалды.

Copyright © 2017 Maral FM