Биз менен байланышыңыз

Кочкоров «Үмүт» реабилитациялык борборунун балдарын куттуктады

Кыска кабар | 30 мая 2019 | 553 | 0

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров «Үмүт» балдар реабилитациялык борборунун тарбиялануучуларын 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктап, белектерди тапшырды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Министр балдарды куттуктап, алардын чоң адамдардын ар тараптуу колдоосуна дайыма муктаж экендигин баса белгиледи.

«Биз канчалык балдарга көп көңүл буруп, татыктуу таалим-тарбия, билим берсек, келечекте күчтүү мамлекет кура аларыбызга терең ишенем», — деди министр.

Ошондой эле, балдар ден соолуктарын чыңдоочу, сабак окуучу, тамактануучу, уктоочу бөлмөлөрү менен таанышып чыкты.

Борбордо бүгүнкү күндө 75 майып бала социалдык кызматтарды алса, анын ичинен 30 бала ошол жерде жашайт.

Copyright © 2017 Maral FM