Биз менен байланышыңыз

Атамбаевдин бөлмөсүн тыңшоо боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды

Кыска кабар | 30 мая 2019 | 412 | 0

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин иш бөлмөсүнө тыңшоочу аппарат коюу аракети боюнча билдирүүлөр Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Мындай маалыматты Башкы прокуратура таратты.

Ага ылайык, 24-майда маалымат Аскер прокуратурасы тарабынан бирдиктүү реестрге «Кат алышуулардын купуялуулугун бузуу», «Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча каттаган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери башталганы, анда иштин чыныгы жагдайларын аныктоо аракети көрүлөрү да айтылган. Алмазбек Атамбаевдин арызындагы жүйөлөр кылдат текшерилип, андан соң юридикалык баа берилери жазылган.

Экс-президенттин арызы Башкы прокуратурага 27-майда түшкөн.

Эскертке кетсек, Алмазбек Атамбаев менен партия мүчөсү Фарид Ниязовдун иш бөлмөлөрүн тыңшоо максатында атайын аппарат орнотулганы боюнча КСДП маалымат тараткан. Аны УКМКнын кызматкерлери кылганын айтып, бирок атайын орган муну четке каккан.

Copyright © 2017 Maral FM