Биз менен байланышыңыз

Сооронбай Жээнбеков Индияда Модинин инаугурациясына катышат

Кыска кабар | 30 мая 2019 | 447 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-майда, Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин инаугурациясына катышуу үчүн Нью-Дели шаарына учуп кетти. Мындай маалыматты Президенттик аппараттан кабарлашты.

Ал эми 31-майда Жээнбеков Сауд Арабиянын Мекке шаарында өтө турган Ислам Кызматташтык Уюмунун XIV Саммитине катышат. Ага өлкө башчыны Сауд Арабиянын Королу Салман бин Абдель Азиз Аль Сауд чакырган.

Ислам кызматташтык Саммитинин кезектеги сессиясы Уюмдун түзүлгөндүгүнүн 50 жылдыгына арналып, «Келечек үчүн бирге» чакырыгы астында өтөт.

Кошумчалай кетсек, Сооронбай Жээнбеков 28-29-майдаКазакстандын Нур-Султан шаарында өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин мааракелик жыйынына катышты.

Copyright © 2017 Maral FM