Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Евразиялык кеңештин чакан жыйынына катышты

Кыска кабар | 29 мая 2019 | 469 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-майда, Казакстандын Нур-Султан шаарында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин мааракелик жыйынына катышууда. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Учурашуу жана сүрөткө түшүү аземдеринен кийин Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин мүчөлөрү чакан курамда жолугушууга кетишти, анын жүрүшүндө ЖЕАЭКтин алкагында интеграцияны мындан ары тереңдетүү боюнча чараларды талкуулоо пландалууда.

Андан соң мамлекет башчылары Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына кеңири курамда катышышат.

Copyright © 2017 Maral FM