Биз менен байланышыңыз

Прокуратура Өкмөт башчынын мүлкүн текшербейт

Кыска кабар | 29 мая 2019 | 544 | 0

Өкмөт башчынын мүлкү текшерүүгө алынбайт. Бул тууралуу маалымат жыйынында Башкы прокуратуранын Ыкчам издөө ишмердүүлүгү жана тергөөнү көзөмөлдөө башкармалыгынын прокурору Кумар Байдылдаев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкүнүн текшерилүүсү тууралуу суроолорго жооп берип жатып билдирди.

Прокурордун айтымында, Мухаммедкалый Абылгазиевдин мүлкүн текшерүүгө алуу боюнча көзөмөл органга эч кандай арыз келип түшкөн эмес.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина Матраимовдор менен Жээнбековдордун байлыгын мамлекетке өткөрүп алууну талап кылганы белгилүү.

Депутаттын Фейсбуктагы кайрылуусунда такталбаган маалыматка ылайык, Абылгазиевдин Ысык-Көлдө наркы 400 миң доллар турган 2 коттежи бар экени айтылганын белгилеген.

Copyright © 2017 Maral FM