Биз менен байланышыңыз

Айнура Аскарова депутаттык ант берет

Кыска кабар | 29 мая 2019 | 572 | 0

Бүгүн Жогорку Кеңешке депутаттык мандат алган Айнура Аскарова ант берет. Бул тууралуу Парламенттин расмий сайтында айтылат.

Парламентке «Кыргызстан» фракциясынан шайланып келген Айтмамат Назаров башка кызматка өткөнүнө байланыштуу, анын ордуна тизме боюнча кийинки катарда турган Айнура Аскаровага депутаттык мандат берилген.

Айнура Аскаровага 27-майда күбөлүк жана төш белгини Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова тапшырган.

Copyright © 2017 Maral FM