Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеш бүгүн бош калган министр кызматтарына талапкерлерди карайт

Кыска кабар | 29 мая 2019 | 536 | 0

Жогорку Кеңеш бүгүн бош калган министрлик орундарга Өкмөт сунуштаган талапкерлерди карайт. Бул тууралуу Парламенттин маалымат кызматы кабарлады.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматына Эркинбек Чодуевдин, Экономика министри кызматына Санжар Муканбетовду, ал эми Маалыматтык технология жана байланыш комитетинин төрагалыгына Дастан Догоевдин талапкерлигин сунуштаган.

Кечээ алар Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинде колдоо тапкан.

Copyright © 2017 Maral FM