Биз менен байланышыңыз

ИИМ: «Акнеттин» президенти камалды

Кыска кабар | 28 мая 2019 | 507 | 0

Бүгүн, 28-майда Жазык кодексинин 205-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту боюнча «Акнет» жоопкерчилиги чектелген коомунун ишин иликтөөнүн алкагында аталган компаниянын президенти А.К., «Строй сеть» жоопкерчилиги  чектелген коомунун башкы директору Б.Е.  жана «Строй сеттин» бухгалтери Л.И. камакка алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

«Акнеттин» негиздөөчүсү Руслан Абдумажитовдун арызынын негизинде «Акнеттин» кызмат адамдарына карата козголгон 5 кылмыш иши кыскартылып, жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш ишин иликтөөнү уюштуруу ИИМдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Иликтөөнүн жүрүшүндө 2017-жылдын ичинде «Акнетке» абоненттик төлөм катары 1 млрд. сомдон ашык акча каражаты түшүп, бирок жылдын жыйынтыгында «Акнет» таза киреше катары 195 млн. сомду көрсөтүп, калганын чыгашаларга кетирген. 2018-жылдын жыйынтыгы менен «Акнетке» абоненттик төлөмдөн 1 млрд. 2 млн. сомдон ашык акча каражаты түшкөн.

Иликтөөнүн жүрүшүндө «Акнеттин» кызмат адамдары чыгашаларды негизсиз көбөйткөнү жана салыкка жалпы суммасы 150  млн. сом карызы бар экендиги такталган.

Ошондой эле, «Акнет» менен иштешкен жасалма 11 фирма аныкталган. 2016-жылдын июнунан 2018-жылга чейин «Акнет» ЖЧКсы 101 млн. 99 миң 401 сом акча каражатын жасалма фирмалардын бири «Строй сеть» компаниясына кызмат көрсөтүшкөндүгү үчүн накталай бөлүндү деп эсептен чыгарышкан, бирок документ менен тастыкталган эмес.

2016-жылдын жана 2018-жылдын үч айы үчүн «Акнет» менен «Строй сеттин» ишмердүүлүгүнө аудит жүргүзүлүп,  «Акнеттин» 14 млн. 176 миң 173 сомду мыйзамсыз эсептен чыгарганы аныкталган.

Учурда кармалган жарандар Бишкек шаардык Ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилип, кылмыш иши боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM