Биз менен байланышыңыз

Дастан Догоевдин талапкерлиги жактырылды

Кыска кабар | 28 мая 2019 | 551 | 0

Бүгүн, 28-майда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйынында Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы кызмат ордуна Дастан Догоевдин талапкерлигин жактыруу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Жыйында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев сунушталган талапкер тууралуу маалымат берди.

Жыйын жүрүшүндө комитет мүчөлөрү сунушталган талапкер мурда иштеген Мамкаттоо кызматынын жетекчилеринин чатактуу колго түшүү иштерине көӊүл бурушту. Дастан Догоев бул кылмыш иши боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине күбө катары чакырылгандыгын айтты.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, бул тармакта саналуу гана адистер бар.

 

Copyright © 2017 Maral FM