Биз менен байланышыңыз

Алмазбек Эсеналиев ТИМдин Административдик департаментинин директору болуп дайындалды

Кыска кабар | 28 мая 2019 | 428 | 0

Тышкы иштер министрлигинин Административдик иштер боюнча департаментинин директору болуп Алмазбек Эсеналиев дайындалды. Бул тууралуу  аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков ТИМдин борбордук аппаратынын жамаатына министрликтин Административдик иштер боюнча департаментинин жаңы  директорун тааныштырды.

Кошумчалай кетсек, Алмазбек Эсеналиев 1997-жылдан бери дипломаттык кызматтарды аркалайт. Министрликтин борбордук аппаратында жана Кыргызстандын Украинадагы, Казакстандагы, Катардагы элчиликтеринде эмгектенген.

Copyright © 2017 Maral FM