Биз менен байланышыңыз

Комитеттин жыйынында Өкмөттүн отставкасын талап кылышты

Кыска кабар | 28 мая 2019 | 432 | 0

Бүгүн парламенттин эл аралык иштер жана коргонуу боюнча комитетинин депутаттары чек ара маселесине байланыштуу 2019-жылдын 3-апрелиндеги Жогорку Кеңештин токтомунун аткарылышы тууралуу Өкмөттүн маалыматын угушту.

Анда депутаттар Абдувахап Нурбаев, Карамат Орозова жана Максат Сабиров Өкмөттүн отставкага кетишин талап кылышты.

«Чек ара маселесине каражат жок», деген премьер-министрдин жообуна депутат Каныбек Иманалиев нааразы болду.

«Чек ара маселелерине каражат жок, бирок бажаларга табылат», — деди депутат Иманалиев.

«Бизди эл көп маяна аласыңар деп айыпташат. Премьердин бажасынын баласы 10 депутаттын эмгек акысын алат», — деген депутат кесиптештеринин Өкмөттүн отставкасы тууралуу талабын колдоду.

Ал эми комитет башчысы Исхак Пирматов Ак-Сай — Тамдык жолун куруп бүткөрүү зарылдыгын айтты.

«Биздин милдет — Ак-Сай – Тамдык жолун бүтүрүү. Эгерде Өкмөттүн отставкага кетиши менен жол куруу маселеси чечилсе, мен анда аны колдойм. 24 чакырым жолдун болгону 4,5 чакырымы калган. Мен үчүн жолду бүткөрүү маанилүү, ал эми Өкмөттүн тагдыры мени кызыктырбайт», — деди Исхак Пирматов.

Кийинчерээк Каныбек Иманалиев өкмөттүн курамын толугу менен отставкага кетирүү тууралуу сунуш берип, аны добушка коюуну суранды.

Сунуш добушка коюлуп, аны Абдувахап Нурбаев, Карамат Орозова жана Максат Сабиров колдошту.

Copyright © 2017 Maral FM