Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: УКМКнын Дастан Догоевге доосу жок

Кыска кабар | 28 мая 2019 | 646 | 0

Президенттин кеңешчиси Дастан Догоевге карата УКМКнын эч кандай доосу жок. Мындай маалыматты премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин комитеттик жыйынында айтты.

Анын белгилешинче, биометрикалык паспорттордун бланкаларын сатып алуудагы коррупция боюнча Догоев суракка гана чакырылган. Анда жөн гана маалымат алынганын, эч кандай доосу жок экенин билдирди.

Ошондой эле, бүгүнкү жыйында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Экономика министрлигине Санжар Муканбетовду, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине Эркинбек Чодуевди, Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагалыгына Дастан Догоевди сунуштады.

Copyright © 2017 Maral FM