Биз менен байланышыңыз

Калмаматов: УКМК кереги жок орган  

Кыска кабар , Пикирлер | 27 мая 2019 | 418 | 0

Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Бактыбек Калмаматов «Марал» радиосуна берген маегинде УКМК кереги жок орган экенин билдирди.

Анын айтымында, УКМК кызматкерлери бийликтин оппонентин аңдуудан башка иш кылбай калган. Андыктан, атайын кызматты реформалоо маселеси парламентте талкууланышы керек.

«Алардын сыр беренелери бар. Бул бизге  СССРден калган белек. Президент УКМК менен Башкы прокуратурага жооптуу деген – жалган түшүнүк. Аталган эки кызматтын жетекчилерин ЖК шайлайт. Биз депутаттар чалмакейин кандай чалып жатканын көрбөй эле, президент менен өкмөттү тепкилеп жатабыз», — дейт Калмаматов.

Ал парламенттин курамы алсыз болгондуктан, маселе жаралып жатканын белгиледи.

«Парламент күчтүү болсо, өкмөт да күчтүү болот. Мындайда аткаруу бийлиги эффективдүү иштейт. Биз билим, илим, саясат жаатында артта калдык. Акырындык менен караңгылыкка бара жатабыз. Буга бийликтин күнөөсү жок. Эл шайлоодо сатылмайды токтотпосо, саясатчылар сатылууну токтотпойт. Башкаруу сиситемасын талашуу – бийлик талашуу. Эл сатылбай таза саясатчыларды парламентке алып келсе, өлкө 5 жылда өнүгөт. Анткени, Кыргызстан тез өнүгө турчу мамлекет», — дейт экс-депутат.

Copyright © 2017 Maral FM