Биз менен байланышыңыз

Калмаматов Жээнбековдун кулагын, оозун, көзүн ким жаап жатканын айтты

Кыска кабар , Пикирлер | 27 мая 2019 | 454 | 0

Жогорку Кенештин V чакырылышынын депутаты Бактыбек Калмаматов «Марал» радиосуна берген маегинде президент Сооронбай Жээнбековдун «кулагы» УКМК экенин билдирди.

Анын айтымында, эгерде атайын кызмат милдетин жакшы аткара албай калса, президенттин кулагы жабылып калат.

Башкы прокуратура өлкө башчынын «көзү». Эгер аталган орган да алсыз болсо, президентин көзү жабылат.

Ал эми парламент президенттин «оозу».

«Эл өкүлдөрү канчалык кошоматчы, алсыз болсо, өлкө башчынын оозу ошончолук жабылат. Демек, өлкө башчынын оозун, көзүн, кулагын ким жаап жатканын билдиңиздер. Андыктан, аталган органдарды туура иштөөгө мажбурлашыбыз зарыл. Бийлик бутактарынын башчыларына иши түшкөн адам алардын туура эмес иштерин айта албайт», — дейт Калмаматов.

Copyright © 2017 Maral FM