Биз менен байланышыңыз

ЖАМК мас кызматкери боюнча билдирүү жасады

Кыска кабар | 27 мая 2019 | 620 | 0

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Ички тергөө башкармалыгы өзүн ЖАМКнын кызматкери катары тааныштырган мас абалындагы жаран тартылган видеоролик боюнча кызматтык териштирүү жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, видеодогу мас кызматкер чындыгында эле ЖАМКга караштуу түзөтүү колонияларынын биринин кызматкери болуп чыккан.

Окуя 26-майда кызматтык милдетин өтөө убактысы бүткөндөн кийин болгон.

Кызматтык териштирүүлөрдүн алкагында бардык зарыл болгон иш-чаралар аткарылып, аягында тиешелүү тартиптик жаза каралат.

Copyright © 2017 Maral FM