Биз менен байланышыңыз

Тамак-аш жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча аймактык форум өтөт

Кыска кабар | 27 мая 2019 | 762 | 0

Бишкек шаарында 28-майда «Тамактануу жана азык-түлүк коопсуздугун жакшыртуу үчүн жарандык альянс» коомдук бирикмеси менен биргеликте тамак-аш жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча аймактык форум өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Форумга жарандык коом уюмдарынын, мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын активдүү жарандары катышат. 

Форумдун катышуучулары Ысык-Көл жана Нарын облустарынын тамак-аш жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн көп тараптуу пландарды иштеп чыгышат.

Айылдарда таза суу тартыш, кирешеси төмөн жана жумушсуздук, экономикалык борборлорго жана рынокторго, саламаттыкты сактоо кызматтарына жетүү чектелүү болуп, айыл чарба өсүмдүктөрүн өндүрүү боюнча эски ыкмалар колдонулгандыктан, форумда өзгөчө басым айыл-аймактарга көңүл бурулат.

Copyright © 2017 Maral FM