Биз менен байланышыңыз

Билим берүү жана илим министрлиги каржылык бузуулар боюнча жооп берди

Кыска кабар | 27 мая 2019 | 447 | 0

Билим берүү жана илим министрлигинде жана анын ведомстволук мекемелеринде 01.01.2017-31.12.2017 чейинки мезгил аралыкта Эсептөө палатасы тарабынан жүргүзүлгөң аудиттин натыйжалары боюнча аталган министрлик маалымат берди.

Билим берүү тармагынын жалпы бюджети 29 миллиард 400 миллион сомду түзөт. Эсептөө палатасынын актысында 21 миллион 400 миң сом каржылык бузуулар көргөзүлгөн (бул жалпы бөлүнгөн каражаттын 0,7 пайызын камтыйт).

Эсептөө палатасынын актысында көргөзүлгөн 21 миллион 400 миң сомдун 8 миллион 600 миң сому калыбына келтирүүгө жатпайт. Ал эми 7 миллион 400 миң сом бүгүнкү күндө калыбына келтирилген, 5 миллион 400 миң сомду калыбына келтирүү процесси жүрүп жатат.

Андан тышкары, 560 миллион 200 миң сом чыгаша мыйзамдардын жана КРнын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 302 токтомуна ылайык жүргүзүлгөн.

Министрлик бөлүнгөн каражаттардын чыгымдалышына дайыма талдоо жана көзөмөл жүргүзүп турат. Каражаттарды калыбына келтирүү боюнча тиешелүү министрликтин буйругу да чыккан. Укук бузууга жол берген кызматкерлердин жоопкерчилиги кошумча каралмакчы. Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Ленин интернат-мектеби боюнча материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.

Кошумчалай кетсек, Эсептөө палатасы тарабынан 2017-жылга карата Билим берүү жана илим министрлигине жүргүзүлгөн аудиттин негизинде жалпы 21, миллион 400 сом өлчөмүндөгү каржылык бузуулар аныкталган.

Copyright © 2017 Maral FM