Биз менен байланышыңыз

«Акыркы коңгуроо»: 61 миңден ашуун окуучу 11-классты аяктайт

Кыска кабар | 25 мая 2019 | 445 | 0

Бүгүн, 25-майда республика боюнча «Акыркы коңгуроо» салтанаты белгиленет. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл өлкө аймагында 61 миңден ашуун окуучу 11-классты аяктайт.

«Акыркы коңгуроого» арналган кечелерди өткөрүүдө коомдук тартипти жана катышуучулардын коопсуздугун камсыздоо максатында Ички иштер министрлиги план кабыл алды.  Кабыл алынган планга ылайык, коомдук тартипти камсыздоо боюнча Ички иштер органдарынын 2262 кызматкери ишке тартылат. Ошондой эле, республиканын аймагында 3977 милиция кызматкери кызмат өтөйт.

Бардык жалпы билим берүү мекемелеринде салтанаттуу иш-чаралар аяктагандан кийин, Ички иштер башкармалыктардын Кайгуул күзөт кызматкерлери жана милиция кызматкерлери эс алуучу алуу жайларда, парктарда коомдук тартипти сактоо боюнча иш алып барышат.

Кошумчалай кетсек, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан «Акыркы коңгуроо» салтанатына акча чогултууга тыюу салынып, атайын буйрук чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM