Биз менен байланышыңыз

УКМК: Атамбаевдин кабинетине тыңшоочу аппарат орнотулган эмес

Кыска кабар | 24 мая 2019 | 496 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Атамбаевдин бөлмөсүнө тыңшоочу аппарат коюлганы боюнча маалыматты төгүндөдү. УКМК бул маалыматты чагымчылдык катары баалай турганын да айткан. Ошондой эле саясий ишмерлер өзүн пиар кылуу максатында атайын кызматты негизсиз айыптап жатканын да белгилеген.

Буга чейин КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов “Форум” ишканасында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин бөлмөсүнө тыңшоочу аппарат орнотулганын айтып чыккан болчу. Бул боюнча КСДП бүгүн, 24-майда атайын маалымат жыйын берет.

Copyright © 2017 Maral FM