Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Казакстандын жараны кармалды

Кыска кабар | 23 мая 2019 | 432 | 0

Мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Казакстандын 1994-жылы туулган Б. Т. аттуу жараны кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жогорудагы жаран Казакстандын Чыгыш Казакстан облусунун полиция департаментинин Криминалдык полиция башкармалыгы тарабынан Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 174-беренесинин 1-бөлүмү (террорго үгүттөө жана ачык түрдө террордук актыларды жасоого чакыруу) менен 313-беренесинин 1-бөлүмү (зомбулукту жана кыйноолорду чагылдырган материалдарды мыйзамсыз жайылтуу) боюнча издөөгө алынган.

Кылмыш иши 2018-жылдын май айында козголуп, ошол эле айда издөө жарыяланган.

Кыргызстандын Ички иштер минитрлигинин маалыматы боюнча, аталган жаран Бишкек шаарындагы батирлердин биринде жашап жүргөн.

Учурда кармалган жаран Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Copyright © 2017 Maral FM