Биз менен байланышыңыз

25-майда 3977 милиция коомдук тартипти көзөмөлдөйт

Кыска кабар | 23 мая 2019 | 544 | 0

«Акыркы коңгуроого» арналган кечелерди өткөрүүдө коомдук тартипти жана катышуучулардын коопсуздугун камсыздоо максатында ИИМ план кабыл алды.  Кабыл алынган планга ылайык, коомдук тартипти камсыздоо боюнча Ички иштер органдарынын 2262 кызматкери ишке тартылат. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызмат билдирди.

Ошондой эле, 25-майда республиканын аймагында 3977 милиция кызматкери кызмат өтөйт.

Бардык жалпы билим берүү мекемелеринде салтанаттуу иш- чаралар аяктагандан кийин, Ички иштер башкармалыктардын Кайгуул күзөт кызматкерлери жана милиция кызматкерлери эс алуучу алуу жайларда, парктарда коомдук тартипти сактоо боюнча иш алып барышат.

Кошумчалай кетсек, өлкөдө толук орто билим берүүчү 2 миң 262 мектепти 95 миңден ашуун 9-класстын окуучусу жана 61 миңден ашуун 11-класстын окуучусу аяктоо алдында турат.

Copyright © 2017 Maral FM