Биз менен байланышыңыз

2018-жылы мамлекеттик бюджет 6 млн. 453,8 миң сом дефицит менен аткарылган

Кыска кабар | 23 мая 2019 | 428 | 0

2018-жылы республикалык бюджет 6 млн. 453 миң 800 сом дефицит менен аткарылган. Бул тууралуу Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева билдирди.

Жалпы республикалык бюджеттин  кирешелери 135 млн.  506 миң 400 сомду түзүп, чыгымдар 141 млн. 960 миң 200 сом болгон. 2018-жылга бекитилген план 95,7 % аткарылган.

Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, республикалык бюджетке салыктык кирешелерден 103 млн. 736 миң 900 сом түшкөн, план боюнча 107 млн. 933 миң 100 сом болгон.

2017-жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу салык кирешелеринин түшүүлөрү 13,4% же 12 млрд. 3 млн. сомго өскөн.

Бажылык төлөм жана бажылык салыктын түшүүлөрүнүн планы аткарылбагандыгынын негизги себептеринин бири, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге үчүнчү мамлекеттерден келип түшкөн импорттун көлөмүнүн азаюусу таасир кылган, ЕАЭБдин өлкөлөрүнөн ташып келүүдөгү бажы алымдарынын түшпөй калуусу 1 млрд. 500 млн. сомду түзгөн.

Ошондой эле, Бактыгүл Жээнбаева билдиргендей, 2018-жылдын 31-декабрына мамлекеттик сырткы жана ички карыздын  көлөмү – 4 млн. 464 миң 400 долларды же 311 млн. 834 миң 670 сомду түзгөн.

 

Copyright © 2017 Maral FM