Биз менен байланышыңыз

Өкмөт тышкы карызды элдин көмөгү менен топтогусу келет

Экономика | 13 Ноя 2020 | 658 | 0

Аталган токтом кабыл алынгандан пайда да, зыян да көбөйө турганын, анын ордуна бюджетти толтуруу үчүн коррупция менен күрөшүп, көмүскөдө жаткан кирешелерди бюджетке киргизүү керектигин Экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров билдирди.

«Анткени салык кодекси бар, акчаны колунда бар киши берет. Салыктарды эле туура чогултулса, бюджетте акча көбөйөт. Бирок, баарынан бирдей акча чогултуу үчүн көмүскө экономика, коррупция деген маселе бар. Алардын үстүнөн жакшы иш алып барса, мамлекеттик казынаны толтурса болот. Коррупция кайра эле кадр маселесине такалат. Өкмөт башчы кадр саясатын туура жүргүзсө, карыздар жабылып, бюджет толот. Экинчи жолу: тиешелүү кызматтарга жакшы кадрлар келсе, инвестициялык климат оңолуп, ишканалар ачылып, жаңы булактар пайда болот. Ошону менен бир жактуу эмес, эки-үч тараптуу маселе чечилет».

Мындан сырткары ал бизде мамлекет бюджетти кошумча булактар менен толтуруш керек дегенде, ачык иштеп жаткан ишкерлерге басым көбөйүп, көмүскөдө иштеп жаткан ишкерлерге эч нерсе билинбей турганын кошумчалап, алынган карыздарды эффективдүү колдонуп, жаңы ишканаларды ачып, туура иштетүү керектигин эскертти.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров эл менен юридикалык жактар каражат бере турган болсо, колдоо керектигин айтып, бирок негизгиси экономикадагы туруктуулукту камсыз кылып, антикризистик программа иштеп чыгууну ылайык көрөт. Азыркы учурда экономикада эң чоң оору аткезчилик деген нерсе барын айтып, аны жок кылса бюджет үч эсе өсмөк деген пикирин кошумчалады.

«Биринчи кезекте, салык төлөөчү болгон ишкерлерге жардам берүү керек. Анткени, мамлекеттик кирешенин 80 %дан ашыгы салыктан түшөт. Насыялары, салыктары боюнча жардам берип, ыңгайлуу шарттарды түзүш керек. Ошол эле учурда антикризистик программа иштеп чыгыш керек.  Экинчиден, фискалдаштыруу системасын киргизип, киреше бөлүгүбүздү эки жылда эки эсе көтөрсөк болот. Эл менен юридикалык жактар акча бере турган болсо, колдош керек. Бирок, өзүмдүн башымдан 2006-2007-жылдары өткөн. Хипик программасына кирбөө үчүн элдик эсеп ачылып, бирок тилекке каршы, жакшы жардам берген эмес. Эсепке бир эле атуул миллион сом которгон, калгандары 200 миңден 600 миң сомго чейин которгон. Андан бери 15 жыл өтүп, абал өзгөрдү, тышкы, ички инвесторлор бар дегендей. Дүйнө жүзүн кыдырып кеткен жердештерибиздин баары ирденип калды. Жакшы маалыматтык жарнама, пропаганда кылып, келген акчаларды түз карызга кете турган механизмдерди иштесе, балким көбүрөөк акча чогулат».

Карызы жок бир да өлкө жок, карызды убагында төлөөгө, Өкмөттүн жана экономиканын толук мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин айтып, бирок Өкмөттүн карызды эффективдүү пайдалана албай жатканын сынга алды.

«Мурунку жетекчилер 1 млрд 700 млн доллар карыз алып үч долбоорго салган, бирок үчөө тең акча бербей турган долбоор эле. ЖЭБ боюнча тарифти көтөрө албайбыз, «Датка-Кемин» жогорку чыңалуудагы линиясы боюнча да тарифти көтөрө албайбыз, саясий абал ошондой. Түндүк-түштүк альтернативалык жолу болсо, азыркыга чейин бүтө элек. Демек, алар өзүн-өзү тейлей албайт. Экинчи жагынан, өтө аз мөөнөткө, тагыраагы, 20 жылга эле алынган. Коркунуч жагы убагында төлөбөсөк, жогоруда айтылган үч объектини алар башкарып, тарифтерди көтөрүшү мүмкүн. Тышкы карызды жапканга чейин алардын башкарып туруусуна мурдагы президент, өкмөт жана парламент да кол коюп койгон. Мына ушул жагынан коркунуч жана тобокелчилик бар». 

Эскерте кетсек, мамлекеттин жалпы сырткы карызы 30-июлга карата 4 млрд 169,6 млн долларды түздү. Анын ичинен 1 млрд 776 млн доллар же 43 %ы Кытайдын Эксимбанкынан алынган насыя болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM