Биз менен байланышыңыз

«Абылгазиевдин кадрдык алмашууга барышы кадимки көрүнүш»

Кыска кабар , Пикирлер | 22 мая 2019 | 457 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин кадрдык алмашууга баруусу дайыма болуп келген аракет. Кээде объективдүү болушубуз керек. Системага көңүл бурбасак, анда калыс болбой калабыз. Мындай пикирин саясатчы Ишенбай Кадырбеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, кадрлардын тез-тез алмашуусу туура эмес.

«Өкмөт башчы коомчулук сын айтып жаткан кызматкерлерди жумуштан бошотпой койгон күндө да, премьер-министрди сындамакпыз. Эми коомчулуктун үнүн угуп, кызматкерлерди бошотуп жатса, «өз жанын сактоого аракет кылды» дейбиз. Негизи бизге бир нерсе жагышы өтө кыйын», — дейт Кадырбеков.

Белгилей кетсек, Абылгазиев жума ичинде Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиевди жана Өкмөттүн аппарат башчысы Шамил Асымбековду кызматтан алуу боюнча президент Сооронбай Жээнбековго сунуштама киргизген.

Мындан сырткары, Өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары Мурат Мукамбетовду да кызматтан бошоткон.

Copyright © 2017 Maral FM