Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көл: Аргасыз ылай тепсеткен тагдыр

Коом | 22 мая 2019 | 1591 | 0

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы 14 айыл аймагынын экөөсү гана өзүн-өзү каржылайт. Калган 12 айыл аймак мамлекеттин көмөгүнө муктаж. Мындан улам, муниципалдык ишканалардын да саны аз болуп, элетте жумушсуздук күч.

— Биз быйыл биринчи жолу төө кирпич куюп акча табууга кириштик. Иштеп жатканыбызга 15-20 күн болду. Күнүнө 100-150дөй кыш куябыз.

Атын атагысы келбеген 23 жаштагы жигит Кара-Жал айыл аймагына караштуу Жаӊы-Арык айылында турат. Ал 3 теңтушу менен бирге төө кирпич куюп, акча табуунун аракетинде.

— Жол жээгиндеги арыктан суу агат. Ага байланыштуу ушул жакта иштейбиз, ары-бери каттаган кардарлардын да көӊүлү бурулат. Адегенде топуракты бир күн чылап ачытабыз. Эртеси саман аралаштырып калыптарга салып, куюп баштайбыз. Эгер жаан-чачын болсо, жарабай калган кирпичтерди кайра жанчып иштетебиз. Топуракты Жол-Колот айылындагы карьерден 2 миӊ сомго сатып алабыз. Азыр актаганы жакшы эле, болгону ылай, муздак суу ден соолукка зыянын тийгизип коюп жатат.

Жаӊы-Арык айылынын четинде кирпич куюп тирилик өткөргөн булардан башка да 10го жакын адам бар.  Алардын айрымдары чогуу, айрымдары жеке иштейт. Аргасыз ылай кечирген машакаттын кирешеси кардарлардын сатып алуусуна жараша болот. Негизгиси бышкан кирпичтен айырмасы жок экенин Дастан Сагалиев белгиледи.

— Чийки кыш бышкан кирпичтен жылуулугу боюнча эч айырмаланбайт. Азыр эл арасында колунда бары кымбатын алса, орто жашагандар чөнтөгүнө жараша иш кылышат. Кара жумуш, чындыгында, ден соолукка зыян алып келет. Айла жок, оокат кылыш керек. Кээ бир адамдар бар, буту-колу соо кайыр сурап жүрүшөт. Ага караганда, түйшүктүү эмгек — таман акы, маӊдай тер да.

Ар бир төө кирпичтин салмагы 15-20 килого чамалап, 27 сомдон сатылат. Жумушсуздуктун айынан суу кечкендердин эмгегин баалагандар да бар. Кардарлардын бири Жаныбек Кайбылдаев сапатына ишеним көргөзөт.

— Кирпичтин сапаты самандын кошулушуна жараша болот. Куюп саткандар деле сапаттуу жасаганга аракет кылышат. Эртеӊки күнү чала ачытылган баткакты жакшы кургатпай сатканда, буларга деле пайда түшпөйт. Тескерисинче, эки эсе чыгым болушу ыктымал. Үйдө кыш куюуга мүмкүнчүлүк жок, убарасы толтура. Ошондуктан, бул жактан сатып алып жатабыз.

Айтмакчы, мезгилдик жумуш көпкө созулбайт. Кара жумуштагы түшкөн киреше аба-ырайына байланыштуу болот. Эмгекчилерге көмөк көргөзүү максатында Кара-Жал айыл аймагынын башчысы Сагындык Бараканов бир нече багытты ойлонуп көргөн. «Алдыда жумуш орундарды түзүүгө инвесторлор аркылуу чакан ишкана ачылганы турат», — деди ал.

— Кирпич куюп иштегендер аз камсыз болгон үй-бүлөлөр. Алар азыр жеке менчик багытында эле иштеп жатышат. Эгер муниципалдык ишкана катарында кеӊейтели десек, салыкка, соцфондго акча кармалып, өзүн актабай калчудай. Ошондуктан, жакынкы арада Аравиялык инвестиция аркылуу тигүүчү цех курулуп баштады. Азырынча 35 адам жумуш менен камсыздалса, келерки жылга наабайкана ачуу планыбыз бар.

Маалымдай кетсек, Ак-Суу районуна караштуу Кара-Жал айыл аймагы 4 айылдан турат. Бүгүнкү күндө калктын саны 5570 адамды түзүп, алардын 80-90 %ы өз аракети менен жан багат.

Copyright © 2017 Maral FM