Биз менен байланышыңыз

«Рысалиевди кызматка коёрдо президент сыртта турган эмес»

Кыска кабар , Пикирлер | 22 мая 2019 | 1122 | 0

Саясатчы Ишенбай Кадырбеков «Марал» радиосуна берген маегинде «Ачык Өкмөт» долбоорунун катчылыгынын мурдагы жетекчиси Иманкадыр Рысалиев мурдагы 2 президенттин алдында эркелеген адамдардын бири экенин билдирди.

«Рысалиев тунгуч президент Аскар Акаевдин убагында маалымат катчы болуп жүрдү. Курманбек Бакиевдин убагында да эркелеп чоң жумуштарда иштеди. Рысалиев жөн адам эмес, ал чөкпөй турган, ар бир бийликте өзүнүн жолун таба турган адам», — дейт Кадырбеков

Ал премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди президент Сооронбай Жээнбеков сунуштаганын эске салып, мындан улам Жээнбековдун өкмөт башчынын саясатына тийгизген  таасири чоң экенин белгиледи.

«Андыктан Абылгазиев кадрларды кызматка коерде президент менен акылдашат. Ал саясатка кийлигишпеген, техникалык премьер-министр болуп, саясаты президенттик аппараттан өткөрүлүп калды. Демек, Рысалиевди кызматка коюп жатканда, президент сыртта болгон эмес. Эгерде Рысалиев Акаев менен Бакиевге жакын болбогондо, мен бул сөздөрдү айтмак эмесмин. Бул жагын да карап көрүү керек», — дейт саясатчы.

Иманкадыр Рысалиев кызматтан кетүү боюнча арыз жазды

Copyright © 2017 Maral FM